Фарид Ниязов азыркы учурда ооруп жатат. 65 жаштагы адамды бошотуп, үй камагына эле алгыла. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, Ниязовдун үй-бүлөсүн бага турган эч ким жок.
"Мен аны атам менен болгон мамилеси эмес, оорукчан баласы үчүн бошотууну суранам. Жубайы иштебейт, кызы бар. Жашы деле бир топко барып калды",- деди Атамбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн