Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:31
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Сеид Атамбаев «Кыргызстандын социал-демократтары» партиясын жетектейт

19.06.2020 21:29
1239
Сеид Атамбаев «Кыргызстандын социал-демократтары» партиясын жетектейт


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев “Кыргызстандын социал-демократтары” партиясын жетектейт. Бул тууралуу партиялык уюмдун басма сөз кызматы билдирди деп жазып чыкты 24.kg агенттиги.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-июнда Юстиция министрлигинин реестри жаңыланып, ага ылайык КСД партиясынын төрагасы болуп Сеид Атамбаев катталган.

Сеид Атамбаев өзү билдиргендей, КСД партиясы атасынын жактыруусу менен запас катары 2019-жылы түзүлгөн.

Жаңы бирикме КСДПнын атрибуту жана символикаларын пайдаланат. Мурдагы мамлекет башчынын уулу буга чейин КСД партиясы 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого катышарын айткан.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев азыр камакта, КСДП партиясын Асель Кодуранова жетектеп жүргөн, ал башчылыктан кеткенден кийин партияны башкаруу милдети депутат Анвар Артыковго өткөрүлүп берилген.

Саясий партиянын мурдагы мүчөсү Адиль Турдукулов КСДПнын саясий кеңешинде Атамбаевдин уулдары Сеид менен Кадырбектин аракеттерине нааразы болуп, алар партиянын негизги өзөгүн ыдыратып жатканын билдирген болчу жана партиядан чыгып кеткен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн