Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сеид Атамбаев УКМКга кирип чыккандан кийин пневмонияга кабылган

03.07.2020 16:13
1300
Сеид Атамбаев УКМКга кирип чыккандан кийин пневмонияга кабылган


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына кирип чыккандан кийин пневмонияга кабылып, ооруканага жатып калды. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 3-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, УКМКнын тергөө абагына барып келгенден бир нече күндөн кийин алсырап, муундары ооруп, дене табы көтөрүлө баштаган. Кечээ ал эки тараптуу пневмония деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Сеид Атамбаев тергөө абагына качан кирип чыкканын жана кайсы ооруканада экенин жазган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн