Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу таратты.
"Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт! Провокацияга алдырбагыла туугандар!", - деп жазган эл өкүлү.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда 28-январда митинг өтөт деп ар кандай провокациялык материалдар таратылып жаткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн