Теке 03, 2024
Убакыт: 21:30
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Селден жабыркагандарга өз алдынча акча чогултуунун кажети жок, - Жапаров

01.07.2024 18:29
99
Селден жабыркагандарга өз алдынча акча чогултуунун кажети жок, - Жапаров


Селден жабыркагандарга өз алдынча акча чогултуунун кажети жок. Бул тууралуу минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун соцбаракчасындагы кайрылуусунда жазылган.


Анын айтымында, мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар берилүүдө, шарттар түзүлгөн, кырдаал көзөмөлдө турат.


"Мындай учурда мекенчилдик сезим ойгонуп, кыргыздын бириге калган жакшы касиети бар. Соцтармактар аркылуу азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби: ар кимдин өз алдынча акча каражаттарды чогултуусунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетүүсү толук ыктымал", — деп жазылган кайрылууда.


Ошондой эле ал адам күчү же техника менен кол кабыш кылуу ниети барлар Оштогу штабга кайрылса болорун кошумчалаган.


28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1 300 адам эс алуу жайында калган. Алардын бардыгы эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгынан 10 адам каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн