Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:02
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Селекция айылында мурунку күйөөсү аялдын жүзүн жана мойнун кесип салган

Селекция айылында мурунку күйөөсү аялдын жүзүн жана мойнун кесип салган


Чүй облусунун Селекция айылында мурунку күйөөсү аялдын бетин жана мойнун кесип салган. Бул тууралуу Самара Босумбаева социалдык тармактарга билдирди.


Анын айтымында, жабырлануучу азыр реанимацияда. Буга чейин ал адам 2-3 жолу ушундай эле кылмышы үчүн кармалып, бирок кийин бошотулган. Самара Босумбаева милиция окуя болгон жерге кеч келгенин кошумчалаган.


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан милицияга билдирүү 20-сентябрда түшкөнүн айтты. Маалым болгондой, 36 жаштагы аял бычактан алган жаракаты менен ооруканага түшкөн.


Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» менен катталып, кылмыш иши козголгон. Натыйжада 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн