Теке 09, 2025
Убакыт: 11:12
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.110
1.135

Селекциядагы митингге катышкандардын камактагы мөөнөтү узартылды

02.08.2023 10:40
537
Селекциядагы митингге катышкандардын камактагы мөөнөтү узартылды


Чүй облусунун Селекция айылындагы митингдин үч катышуучусу - Эртай Искаков, Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов Чүй облустук соту тарабынан камакта калтырылды. Чечим бир күн мурун кабыл алынган.


Тергөөдө жаткан адамдар 15-сентябрга чейин Бишкек СИЗО-1де калтырылды. Алардын жактоочусу Агзам Дүйшөналиев кардарына тагылган айыптарга макул эместигин билдирди.


Эске салсак, 14-июль күнү Селекция айылынын тургундары Түштүк магистралды тосушкан. Митингчилер жайдын башынан бери суу жок экенин айтышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн