Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

«Семетей» обсервациясында дагы 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды (сүрөт)

10.07.2020 09:39
868
«Семетей» обсервациясында дагы 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды (сүрөт)


«Семетей» обсервациясында (мурдагы «Ганси» авиабазасы) кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, аталган жайга суу, электр энергиясы жана канализация системалары орнотулду.

Мындан тышкары, кычкылтек концентраторлорун орнотуу иштери жүргүзүлдү. Учурда бир эле мезгилде бейтаптар жаткан 112 орундук кычкылтек менен камсыздалууда.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Семетей» обсервациясында жаткан жарандарга, аларды тейлеп жаткан медициналык персоналдын, ӨКМ, ИИМ кызматкерлеринин кошумча шарттарын жакшыртуу максатында тиешелүү меселелерди чечүү үчүн жеринде иш алып барды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн