Кулжа 29, 2024
Убакыт: 12:17
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Сен чуңкурда болсоң да өзүңдү бийикте кармашың керек

16.05.2024 11:15
204
Сен чуңкурда болсоң да өзүңдү бийикте кармашың керек


Бийиктикти сүйгөн кишинин капталына бир күнү канат өсүп чыгат.

(Петр Квятковский)


Бийик үндөр угулбайт.

(Эрих Мария Ремарк)


Боорукерликтен өткөн бийик жол жок, ал жолдо момун, сабырдуу адам гана баса алат.

(Аврелий Августин)


Бийиктикти чындап сүйгөн киши эч качан төмөн кулабайт.

(Петр Квятковский)


Кээ бирөөлөр жыгылып кетпеш үчүн атайын жапыз жерде жашашат.

("Керең дубалдар" тасмасынан)


Бийиктикте сен өлбөйсүң, сен эчак өлгөнсүң.

("Вертикалдуу чек" тасмасынан)


Мен бийиктиктен коркпойм. Мен ылдый кулап кеткенден корком.

(Джордж Карлин)


Тереңдигиң жок болсо, сенде кайдагы бийиктик болсун?

(Карл Густав Юнг)


Бийик жерде аба да таза, чоңдор да аз.

("Бийиктик" тасмасынан)


Бийиктиктен жерде көрбөгөндү көрсөң болот.

(Галина Суховер)


Бирөөнүн эсебинен жогору көтөрүлгөндөр бийикте эмес, бирөөлөргө кол суна алгандар бийикте.

(Джулиана Вильсон)


Эгер сен айланаңдан көп аялдарды көрсөң, демек, али чыныгы сүйгөнүңдү таба элек экенсиң. Эгер тапканыңда көзүңө башка бир да аял көрүнбөй калмак.

(Лучия Светлана)


Чокуга чыккысы келгендер көп, бирок ал жерде көпкө тура алгандар саналуу эле.

(Валентина Захарова)


Адамдар бийиктикке эки гана максат менен умтулушат: жакшыраак көрүш үчүн, же башкалар мени көрсүн деп.

(Ольга Муравьева)


Биз жылдыздарга көз артып, асманга умтулабыз, бирок адегенде тоого чыгып көрчү.

(Вячеслав Шедрин)


“Башкалардан жогору болом” деген киши бийикте көпкө тура албайт.

(Юлия Томанник)


Жылдыздар бийиктиктен коркушпайт.

(Евгений Москаленко)


Кээ бир кишилер атүгүл өзүнүн узун боюна да ылайык келбейт.

(Вадим Синявский)


Сенин бийиктигиң Кудай экөөңөрдүн ортоңордогу аралыктан билинет.

(Джулиана Вильсон)


Өзүнө-өзү ыраазы болгон киши чоң бийиктиктерди багындыра албайт.

(Овсеп Петросян)


Бийикте учуп бараткан кушка ылай ыргытып, ага тийгизе албайсың, бирок өзүң булганасың.

(Джулиана Вильсон)


Баары эле асманга учкусу келет, бирок баарында эле канат боло бербейт да...

(Светлана Краскова)


Эң баш айланткан бийиктик – бул пьедесталдын бийиктиги.

(Евгений Ханкин)


Сен чуңкурда болсоң да өзүңдү бийикте кармашың керек.

(Юрий Тубольцев)


Кеп канчалык бийик көтөрүлгөнүңдө эмес, эмнеге жеткениңде.

(Джулиана Вильсон)


Кара сөз жазганда биз жерде эле калабыз, бирок поэзияда асманга көкөлөшүбүз керек.

(Оноре Бальзак)


Кичинекей эле дөңсөө бизге эбегейсиз чоң тоону көрсөтпөй тосуп турат.

(Мария фон Эбнер-Эшенбах)


“Башкалардан жогору болом” десең, жерди сезбей каласың.

(Петр Квятковский)


Дервиш бийиктикке жетиш үчүн ор казат.

(Юрий Туболцев)


Бийиктик адамды бузат.

(Бенджамин Дизраэли)


Адам канчалык бийик көтөрүлгөн сайын жерди ошончолук начар көрө баштайт.

(Фридрих Ницше)


Аңдын түбүндө жатып деле бийикте болсоң болот.

(Юрий Туболцев)


Бийиктик – бул жер эмес, рухтун абалы.

(Николай Рерих)


Бийиктикке секирип эмес, адымдап жетесиң.

(Девид Дж.Шварц)


Бийиктикке жетиш үчүн жогору караганга үйрөнүш керек.

(Ог Мандино)


Байкасаңар, жаткан кезде асман жакын боло түшөт.

(Джонатан Троппер)


Ар бир жолку жогорулоо жыгылуудан башталат.

(Джордж Мартин)


Асман турганда жердин эмне кереги бар?

(Пабло Неруда)


Сен жыгылган ор канчалык терең болсо, учканга мүмкүнчүлүгүң ошончолук чоң болот.

(Владимир Туровский)


Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн