24-март кечинде Катар-2022 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунда Европанын учурдагы чемпиону Италия өзүнүн өлкөсүндө Түндүк Македония курамасын кабыл алды.
Беттеште кайсы команда фаворит экени белгилүү болгон. Бирок оюнду баштан аяк көзөмөлүнө алганына карабай Италия курама командасы беттештин соңунда кошулган мүнөттөрдө гол өткөрүп жиберди.
Муну менен Түндүк Македония дүйнө чемпионатына барууга бир кадам жакындаса, Европа чемпиону Италия курамасы дүйнө чемпионатысыз калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн