Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Люксембург менен Кыргызстан маданият жаатында кызматташат

03.12.2021 12:48
920
Люксембург менен Кыргызстан маданият жаатында кызматташат

Руслан Казакбаев Люксембург Улуу Герцогдугунун тышкы жана европа иштер министри Жан Ассельборн менен жолугушту


2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Люксембург Улуу Герцогдугунун тышкы жана европа иштер министри Жан Ассельборн менен жолугушту.


Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгынын алдында эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча өз ара көңүлүн белгилешти. Ушуга байланыштуу 2022-жылы расмий делегациялардын иш сапарларын уюштуруу менен саясий диалогду жогорку деңгээлде улантууну, ошондой эле ишмердик байланыштар менен достук мамилелерди бекемдөө максатында бизнес-миссияларды уюштурууну макулдашылды. Бул контекстте Люксембургдун тышкы иштер министри 2022-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга келип кетүү чакыруусун кабыл алды. Тараптар 30 жылдык мааракеге карата бир катар биргелешкен маданий иш-чараларды да пландаштырды.


Министр Р.Казакбаев Люксембург тарабына эки тараптуу мамилелерди активдештирүүнүн орто мөөнөттүк келечекке карата жолдорун, анын ичинде инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо, саламаттык сактоо, айыл чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, байланыш жана маалыматтык технологиялар, билим берүү жана илим, маданият, туризм жана спорт тармагындагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнү сунуштады. Ошондой эле кыргыз тарап Кыргызстандагы Люксембург айылы менен Люксембург Герцогдугунун муниципалитеттеринин биринин ортосунда боордоштук мамилелерди түзүүнү сунуштады. Сунуштар оң кабыл алынды.


Тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибинин жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн