Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухамедов ыйык Рамазан айындагы Кадыр түндүн урматына абактагы 514 адамга ырайым кылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, Бердымухамедов ыйык түндүн урматына абактагы адамдардын эртерээк үйлөрүнө кайтуусусуна мүмкүнчүлүк берет.
Кадыр түн быйыл 27-апрелден 28-апрелге караган түнгө туш келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн