Бугу 01, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

09.07.2022 10:28
402
Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады


Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Куттуу Курбан Байрам (Ид Аль-Адха Аль-Мубарак) майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Бул ыйык майрам мындан ары да бүткүл мусулман коомчулугунун биримдигин, өз ара сый-урматын, тилектештигин жана тынчтыгын чыңдоого салым кошот деп терең ишенем», — деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн