Бугу 01, 2024
Убакыт: 18:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Сердар Бердымухамедов коргоо министрине жана Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысына сөгүш жарыялады

06.07.2022 11:40
467
Сердар Бердымухамедов коргоо министрине жана Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысына сөгүш жарыялады


Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов бир катар мамлекеттик кызматкерлерге сөгүш берди. Бул тууралуу РИА Новости түркмөн басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыкты.


Ага ылайык, өлкөнүн коргоо министри, мамлекеттик коопсуздук кеңешинин баш катчысы Бегенч Гундогдыевге жана Улуттук коопсуздук кызматынын министри Гурбанмырат Аннаевге сөгүш берилген.


Маалыматта айтылгандай, президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында ишиндеги кемчиликтер, өз кызматына болгон жоопкерчиликсиздик жүйөсү менен жогоруда аталган министрлерге сөгүш берген.
https://www.super.kg/kabar/news/412265/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн