Украинадагы атайын операция өзүнүн максатына жеткенде токтотулат. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген.
"Россиянын Украинадагы атайын операциясы максатына жетери менен бүтөт.
Чет өлкөлөрдөн Киевге келип жаткан курал-жарактын баары Россиянын бутасы. Анткени бул курал-жарактар өзүнүн калкына каршы согуш жүргүзүп жаткан режимге берилүүдө",- деди Лавров.
Ошондой эле ал Россия менен НАТОнун согушуу коркунучу жок экенин эгер болсо ядролук курал колдонуу тобокелдиктери жогору болорун эскертти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн