Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сергей Лавров кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча үн катты

19.05.2021 16:39
2067
Сергей Лавров кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча үн катты


Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.


Маалым болгондой, Сергей Лавров учурда жумушчу сапары менен Тажикстанда жүрөт.


«Тажикстан менен Кыргызстан чек араларын демаркациялоого киришти. Бул башка постсоветтик өлкөлөр үчүн жакшы мисал боло алат. Тажикстан менен Кыргызстандын конфронтациядан кызматташтыкка өткөнү тууралуу кечээ талкууладык. Биз жакында болуп өткөн конфликттик опурталдуу фазасы артта калганына кубандык. Эң негизгиси эки өлкө тең демаркация жана делимитациялоо иштерине киришкени жакшы болду», — деп деди Лавров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн