Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:17
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сергей Лавров Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоо боюнча пикирин билдирди

30.12.2020 15:16
1566
Сергей Лавров Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоо боюнча пикирин билдирди

Россия Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр январь айында  мөөнөтүнөн мурда өтө  турган президенттик шайлоого чейин, октябрь окуяларынан тийиштүү жыйынтык чыгарып, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти көрсөтөт деп күтүүдө. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ТАССка берген маегинде билдирди.


«2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, жазында кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстандыктар октябрь окуяларынан тийиштүү тыянактарды чыгарышкандыгына жана бардык саясий күчтөр өз республикаларынын тагдыры үчүн жоопкерчиликти көрсөтөрүнө ишенебиз», - деди ал.


Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг уюштуруп, бийликтин алмашуусуна алып келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн