Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сергей Миронов Кыргызстанда жаңы саясий күчтүн пайда болгонун билдирди

20.08.2020 10:59
1958
Сергей Миронов Кыргызстанда жаңы саясий күчтүн пайда болгонун билдирди

 

“Адилеттүү Россия” партиясынын лидери Сергей Миронов өзүнүн атынан жана партиясынын атынан “Биримдик” саясий партиясын съезд өткөрүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу REGNUM басылмасы жазып чыкты. 


"Биз бүгүн Кыргыз Республикасында демократиялык өнүүгүгө жана калкынын жашоо шартын жакшыртууга багыт алган жаңы саясий күчтүн пайда болгонуна күбө болуудабыз. Саясий жана экономикалык процесстердин жаңы глобалдык турбуленттик шартында  «Биримдик-Единство» демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясы евразиялык биримдикке басым жасашы кыргыз коомчулугунун калың катмарында сүймөнчүлүгкө айланарына, ошондой эле аларга болгон ишеним менен артыкчылыкка ээ болот”, - деген ал.


Мироновдун айтымында, Кыргызстанды өркүндөтүү үчүн биримдикти сактоо, элдин муктаждыктарын түшүнүү жана актуалдуу маселелерди профессионалдык деңгээлде чечүү керек.


Ошондой эле ал жиберген катта съездин жыйынтыгы партиянын өзү үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн чоң мааниге ээ экени айтылган. “Адилеттүү Россия” партиясынын лидери, партиясы келечекте идеология жагынан бир болгон партия менен жана меймандос кыргыз эли менен баардык тараптан мамилелерди бекемдөөгө багыт алганын билдирген.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.  

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асан
????????????????????????баракелде