Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сергей Мироновдун “Биримдик” партиясына жиберген куттуктоосу

20.08.2020 14:30
1167
Сергей Мироновдун “Биримдик” партиясына жиберген куттуктоосу


“Справедливая Россия партиясынын төрагасы Сергей Миронов "Биримдик – Единство" демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясынын съездинин катышуучулары менен конокторуна куттуктоосун жиберди. Бул тууралуу “Биримдик” саясий партиясынын штабынан билдиришти.


Ал өз куттуктоосунда, "Биримдик – Единство" демократиялык социализм - евразиялык тандоо партиясы, кыргыз коомчулугунун кеӊири катмарынын жактыруусуна жетишип, олуттуу артыкчылыкка ээ болору шексиз экенин айткан.


Төмөндө куттуктоо телеграммасын толугу менен беребиз:

 

Демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясынын төрагасы М.А.Аманкуловго.

Урматтуу Марат Аскерович!


Урматтуу съезддин катышуучулары жана коноктору!


“Справедливая Россия саясий партиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге ысык салам жолдойм жана  "Биримдик – Единство" демократиялык социализм - евразиялык тандоо партиясынын съездинин башталышы менен кызуу куттуктайм!


Бүгүн биз, Кыргызстанда Кыргыз Республикасын демократиялык жактан өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга багыт алган жаӊы саясий күчтүн жаралганына күбө болуп отурабыз. Азыркы саясий жана экономикалык процесстердин глобалдуу кыйчалыштыктарынын шарттарында евразиячылдыкка багыт алган  "Биримдик – Единство" демократиялык социализм - евразиялык тандоо партиясы, кыргыз коомчулугунун кеӊири катмарынын жактыруусуна жетишип, олуттуу артыкчылыкка ээ болору шексиз.


Бул съезддин жыйынтыгы Партиянын өзү үчүн да, Кыргыз Республиканын келечеги үчүн да өзгөчө  мааниге ээ, анын үстүнө аталган иш-чара 2020-жылдын күзүндө өтө турган өлкөнүн парламентин шайлоолордун алдында өткөрүлүп жатат. Өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсү Сиздердин биримдикти сактоодогу, улуттун бышып жетилген керектөөлөрүн түшүнүүдөгү шык-жөндөмүӊүздөргө жана актуалдуу маселелерди чечүүдөгү кесипкѳйлүк аракетиӊиздерге байланыштуу.


“Справедливая Россия партиясы бир нече жылдардан бери  ар кандай деӊгээлдеги орус-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүгө ырааттуу аракет жүргүзүп келет жана боордош кыргыз эли жана идеологиялык жактан жакын саясий күчтөр менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөнү максат кылат.


Сизге алдыга койгон милдеттериӊиздерди ийгиликтүү ишке ашырууну каалайбыз!


С.М. Миронов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн