Америка кошмо штаттары менен Россия Федерациясынын алакасы үзүлүү алдында турат. Мындай пикирин РФнын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков билдиргенин орус басылмалары жазды.
Анын айтымында, мамилени оңдоп кетүүгө дагы да болсо мүмкүнчүлүк бар.
"Вашингтон Россияга карата чагымчылдык аракеттерди токтотууга тийиш. АКШнын саясаты Россиянын атайын операциясынын жүрүшүнө таасир эте албайт.
Батыштын жана Американын санкциялары Россиянын абалына терс таасирин тийгизбейт. Ага россиялыктар көнүп калды",- деди Рябков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн