Украинадагы атайын операция өз нугунда жүрүп жатат жана ал өз максатына жетет. Мындай пикирин Өзбекстан өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Коргоо министрлеринин жыйынында Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.
Анын айтымында, Америка жана Европа өлкөлөрүнүн Украинаны курал менен камсыз кылышы көбүрөөк адамды жоготуу максаты бар экенин билдирет.
"Украинадагы атайын операцияны өткөрүү Украина тараптан Донбасс андан кийин Россияга болгон коркунучтан улам ишке ашырылууда. Операция өз нугунда жүрүп жатат жана ал максатына жетет",- деди Шойгу.
Ал ошондой эле ШКУ өлкөлөрү өз алдынча аскердик кызматташууну өнүктүрүү үчүн аскердик машыгууларды өткөрүүнү сунуштады.#
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн