Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Севинч Муминова, Илья Зудин, Сатыбеков, Токторов, Насип ырдайт. Ош шаар күнүнө карата гала концерт өтөт

01.10.2021 08:55
2514
Севинч Муминова, Илья Зудин, Сатыбеков, Токторов, Насип ырдайт. Ош шаар күнүнө карата гала концерт өтөт

5-октябрда Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, шаар күнүнө карата атактуу ырчылардын коштоосунда гала концерт өтөт.


"Жалпыңыздарды 5-октябрь күнү борбордук аянтка Ош шаарынын күнүн биргеликте белгилөөгө чакырабыз. 

 

Эртең менен саат 09:30да Ош шаарынын өнүгүшүнө, шаардыктарга ыңгалуу шарттарды түзүп берүү максатында, ак ниет эмгеги менен иштеп жаткан мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин парадына чакырабыз. Жөө жүрүш концерттик программа менен коштолот.


Кечки саат 19:00дон баштап Орусиянын белгилүү ырчысы, Динамит группасынын экс-солисти Илья Зудин, Өзбекстан Республикасынын ырчы айымы Севинч Муминова, Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздары Бактияр Токторов, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип жана Ош шаарынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусунда чоң программадагы гала-концерт болот. 


Ош шаарынын 3021 жылдыгын бирге тосолу!",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн