Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:26
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сейил бак тазаланбаганы үчүн Маданият министрлигине айып салынды

24.08.2020 15:07
901
Сейил бак тазаланбаганы үчүн Маданият министрлигине айып салынды


Бишкек шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы сейил бак таштандыдан тазаланбаганы үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, паркты санитардык тазалоо боюнча буйрукту аткарбагандыгы үчүн аталган ведомствого карата протокол түзүлгөн.


"Ю.Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бактын кароосуз калгандыгы жөнүндө шаар тургундарынан көптөгөн даттануулар түшүүдө. Санитардык патруль парк аймагында тартипсиздик фактысын аныктап, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине мыйзам бузууну четтетүү боюнча мыйзамдуу буйрук чыгарган, бирок коомдук жайлар тартипке келтирилген эмес. Агенттик жөн эле кир жана куурап  жаткан бак-дарактарга көңүл бурбайт", - деп айтылат маалыматта. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн