Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сейит Атамбаев: Атамдын сүрөтүн жарыялоо менен аны кемсинткиси келди

08.11.2020 15:53
1015
Сейит Атамбаев: Атамдын сүрөтүн жарыялоо менен аны кемсинткиси келди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев атасынын абактагы сүрөтүнүн жарыяланышы боюнча Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өз   пикирин жарыялаган. 


"Кечээ атамдын №47 абактагы сүрөтүн жарыялашты. Сүрөттү соттолуучулардын бири таркаткан имиш. Бирок мен буга ишенбейм. Бул мурдагы президентти эл алдында кемсинтүү аракети. Убакыт жана тарых баарын ордуна коёт. Менин атам ар дайым кайраттуулугу менен айырмаланып келген", - деген пикирин калтырган. 


Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин абакта сейилдөө мезгилинде тартылган сүрөтү тарап кеткен. ЖАМК сүрөт түрмөдөгү эки киши тарабынан тартылганын жана аларга тиешелүү жаза берилгенин маалымдаган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн