2010-жылы кабыл алынган Конституция өзгөртпөй тургандай Куран эмес. Бул тууралу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфирде сүйлөп жатып билдирди. Ал акыркы саясий кырдаалга өз оюн айтып жатып, учурда чырылдап жаткандар бир эле кишиге бут тосуп жатканын белгиледи.
“2010-жылы кабыл алынган Конституция өзгөртпөй тургандай Куран эмес. Керек болсо аны жыл сайын алмаштырыш керек. Чырылдап жаткандар бир кишини көрө албай ушинтип жатат. Чырылдагандар баягылар эле. 10 жылда эмнени жыргаттыңар ушул Конституция менен”, - дейт ал.
Пикирлер (5)