Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сейтек Качкынбай: “Шаардык кеңештин шайлоолору салкын эле өтөт...”

12.06.2021 19:03
1490
Сейтек Качкынбай: “Шаардык кеңештин шайлоолору салкын эле өтөт...”


- Буга чейинки шаардык кеңештерге өткөн шайлоолордо белгилүү болгондой, айрым жерлерде жыйынтыктар жокко чыгарылды. Эми кайрадан 11-июлга дайындалды. Бул шайлоодо өткөндөгүдөн сабак-- Буга чейинки шаардык кеңештерге өткөн шайлоолордо белгилүү болгондой, айрым жерлерде жыйынтыктар жокко чыгарылды. Эми кайрадан 11-июлга дайындалды. Бул шайлоодо өткөндөгүдөн сабак алынып, кандайдыр бир өзгөрүүлөр болобу, же дагы деле ар түрдүү мыйзам бузууларга жол берилиши мүмкүнбү?


- Эми мында дагы мыйзам бузуулар болсо, аны көрсөтпөгөнгө аракет кылышат да. Жеңиш үчүн баардык чаралар көрүлөт. Анткен менен көпчүлүк партиялар жалкып калышты го. Добуш сатып алуу үчүн акчаны көп чачышпай, агитаторлор менен иштешишсе керек. Бир жагынан мыйзамдарга өзгөрүүлөр кирсе, депутаттар мэрди шайлай алышпайт экен. Мэр бийлик тарабынан дайындалып келет. Андай болсо, депутат болуштун деле мааниси жоголуп калат да. Ошон үчүн бул жолку шайлоолор салкын өтөт...


- Күздө боло турган парламенттик шайлоо системасына да өзгөрүүлөр болобу? Маалыматтарга караганда, 90 депутат келип, анын 55и партиялык тизме, 35и бир мандаттуу округдардан келишсе керек. Негизи бизге кандай система ыңгайлуу?


- Статистика боюнча алганда, калкы 1 миллиондон 10 миллионго чейинки өлкөлөрдө депутаттардын саны орто эсеп менен 180 болот экен. Ал жактан алып караганда, 90 депутат бул өтө аз. 55и тизме менен 35и бир мандат менен бара турганын уктук. Муну биз көрбөдүк беле? Анда толугу менен акчалуулар, административдик күчкө ээ болгондор, бийликке жакындар, жагалдангандар өтүп келишет. Ал эми жөнөкөй жарандар өтпөй калуу коркунучунда. Ошондой эле 90 депутатты сатып алуу дагы оңой. Бул бизге ыңгайсыз. Эгер алыскы перспективада карасак, мындай система кыргыз саясатын ыйлата турган, элдин шоруна кала турган көрүнүш…


- Парламенттик шайлоо дагы жылышы мүмкүнбү? Эгер андай болсо, ага кандай негиздер бар дейсиз?


- Менин оюмча, парламенттик шайлоо ноябрда өтүшү керек. Андан ары жылганга негиз жок. Эгер жылса, мыйзамдык вакуум узарып кетет. Азыркы иштеп аткан парламент негизи өзү саясый чечимдерди кабыл алганга укугу жок эле. Легитимсиз парламент бир жылдан дагы көп иштесе болбойт го...


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн