Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Съездбек Искеналиев: Быйыл мени менен бирге 12 жаштагы кызым ооз бекитти

24.04.2020 14:50
1442
Съездбек Искеналиев: Быйыл мени менен бирге 12 жаштагы кызым ооз бекитти


Бүгүн, 24-апрель – Ыйык Рамазан айынын биринчи күнү. Орозо быйыл өлкөдө жугуштуу илдеттин жайылуусу жана өзгөчө абал режими кирген шартка туш келди. Мындай абалда ооз бекитпей туруу ылайык экени жана орозо кармагандардын саны азайышы мүмкүн деген болжолдоолор айтылган. Бирок ырчы, обончу, актер жана кинорежиссер Съездбек Искеналиев мындай пикирге кошулбайт. Тескерисинче бул абалда орозо туткандар көп болушу мүмкүн, дейт ал. Анда ырчы менен “Медиа центр” агенттиги уюштурган маекти сунуштайбы.


- Быйыл ооз бекиттиңизби?


- Ооба, быйыл дагы орозо кармайбыз.


- Канча жылдан бери кармап келе жатасыз?


- 10 жылдан бери.


- Сиз үчүн Рамазан айынын касиеттүүлүгү эмнеде?


- Жеке өзүм үчүн айта турган болсом, ден соолугума пайдасы абдан көп. Мисалы, ашказаным ооруп, зарына болчумун. Мен орозо туткан алгачкы 2-3-жылда бул оорулардан арылганым байкалган. Орозонун мен үчүн мааниси абдан чоң. Мындан тышкары адам абдан жеңилдеп калат, организмдеги ашыкча зыяндуу заттардан арылтат.


- Башында 2-3 күн көнгүчө кыйын болобу?


- Жок, азыр андай эмес. Жайдын ысык аптабында кармаган кезде бир аз кыйын болчу. Азыр эми көнүп калдым. Анын үстүнө орозонун касиеттүүлүгү ушунда - адам ооз бекиткенден кийин кадимкидей чыйралып, тамак-ашка анча көңүл бурбай калат. Анын үстүнө адам кармаганга чейин өзүн моралдык жактан даярдап алышы шарт.


- Азыркы өзгөчө абалдын кириши орозо туткан маалга туш келди, орозокечтерге кандайдыр бир тоскоолдуктар болушу мүмкүнбү?


- Тоскоолдуктар болбойт, себеби дегенде адамдардын барына азыр үйдө болууга шарт түзүлдү. Мисалы менин кесибим ырчы болгондуктан учурда дайыма үйдөмүн. Азыр тынч отуруп кармоого жакшы шарт түзүлдү. Анын үстүнө орозо маалында жылда эле жумуштар токтойт. Биз үчүн карантиндин кедергеси тийбейт.


- Балким ооз ачырам деп конокко чакыргандар болчу же кафе-ресторандарга барып ооз ачканды жактырчусуз. Бул жагынан чектөөлөр бар да.


- Мен чынын айтсам, үйдөн эле ооз ачат элем, өзүмө да ошол жагат. Конокко сыйлап чакыргандар болгондо албетте барасың. Жөнү жок чакыра бербейт да. Атайын көңүлү түшүп, наздап чакырып жатса барууга туура келет. Кээ бирлери ооз ачырууну да сооп деп эсептешет эмеспи. Ооз ачырууну сыйдын бир түрү, майрам  катары кабыл алам. Ооз ачыруу орозонун маданияттарынын бири.


- Муфтий Рамазандын ушул кырдаалга туш келиши Алладан жиберилген сыноо деп айтты, сиз кандай ойлойсуз?


- Туура. Кээ бир адамдар коронавирус илдети жок деп ишенбей жатышат. Аларды ынандыруу үчүн сөзсүз болгон окуяны айтып, өпкөсү үзүлүп баратканды көрсөтүү болбойт да. Азыр өкмөт бул маселе боюнча абалды ачыккан чыгара бербей жатканы туура эле. Чынын айтканда бул Алладан келген сыноо. Диний көз караш менен айтканда адамдар азыр жума намазга бара албай калып жатышат. Мисалы, кечээ четтик болду, бири-биринин үйүнө эч ким бара алган жок. Эми Кудайдан ушул оорунун жок болушун тилеп, дуба кылып жатабыз. Эгер дагы улана берсе Кадыр түн, Айт намаз да өтпөй калышы мүмкүн, мунун баары эле сыноо да.  


- Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылуусу жана карантинге байланыштуу быйыл орозо туткандардын саны азайышы мүмкүнбү сиздин көз карашыңызда?


- Менин оюм боюнча тескерисинче көбөйөт, карантиндин кириши бир топ адамдарга орозо кармоого себеп болот. Азыркы кырдаал ошол эле учурда жакшы да шарт түзүп атат да, адамдардын баарына үйдө болуусу милдеттендирилди. Көп жарандар азыр үй-бүлөсүнүн башында. Кээ бирлери муну да туура кабыл албай жатканы пендечилик. Жашоодон рахат алып жаша деп айтылат эмеспи, анте албай калып атабыз.


- Орозо айына байланыштуу жеке сиздин өзүңүздө жана үй-бүлөңүздө кандай салттар бар?


- Өзгөчө деле салт жок. Бирок үй-бүлөбүз менен орозонун тиешелүү шарттарын сөзсүз аткарабыз, Кадыр түн тособуз. Быйыл 12 жаштагы улуу кызым биринчи жолу кармап жатат. Эрте менен ооз бекитип жатып, кызымды көрүп сүйүнүп Аллага шүгүрчүлүк кылдам. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бабарайым
Иске брат кабыл болсун орозонор!
Алтынбек
Искеналиев