Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сезондун башталышы менен Ысык-Көлдө туристтердин агымы көбөйөт, - Мадумаров

23.06.2020 17:18
996
Сезондун башталышы менен Ысык-Көлдө туристтердин агымы көбөйөт, - Мадумаров


Жайкы туристтик сезондун башталышы менен Ысык-Көл облусунда туристтердин агымы көбөйөт. Биз эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого тийишпиз, деп билдирди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бүгүн, 23-июнда суудагы коопсуздукту сактоо маселелери боюнча кеңешмеде.

Албетте, суудагы кырсыктардан толук болтурбай кое албайбыз, бирок алардын санын азайтууга күчүбүз жетет. Атайын жабдылбаган жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынары тууралуу тактачалар менен чектелбеш керек. Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жайгашкан бардык санаторийлердин жана пансионаттардын штатында куткаруучулар болушу керек. Айрыкча сезон учурунда куткаруучулардын санын көбөйтүү зарыл”, - деди вице-премьер.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйылкы жылы куткаруучуларды даярдоо курсунан 61 адам өткөнүн билдирди. “Бул сан жетишсиз. Пансионаттар жана эс алуу үйлөрү мындай курстарды өтүү үчүн кызматкерлерин жөнөтүүгө милдеттүү жана биз адам өмүрү үчүн каражатты үнөмдөбөшүбүз керек", - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Акрам Мадумаров ачык көлмөлөргө жакын жерлерде көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле суу сактагычтарга сууга түшүүгө толук тыюу салууну, сууда этият болуу чаралары тууралуу маалыматтык кампанияны активдештирүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн