Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сындагандардан эмес, мактагандардан коркуу маанилүү

10.05.2021 11:32
872
Сындагандардан эмес, мактагандардан коркуу маанилүү

Сын айткандарды камап, куугунтукка алуу менен эч бир бийлик өзүнө пайда алып келе албайт. Муну Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери карай эле көрүп келатабыз. Саясий негизде камакка алынгандардын баары эле бийлик алмашканда чоң урмат-сый менен абактан чыгып, алтургай бийлик башына келип калышаарын да өз тарыхыбыздан көрдүк. Бийлик өз оппоненттерин кысымга алып, саясаттан четтетем деген аракети менен, тескерисинче аларды күчтүү атаандаштырана айлантып, элдик баатырларды «даярдап» алышаарын деле билип калдык. Акаевдин убагында Ф. Кулов, А. Бекназаровдор абакта бир топ жатышты. Натыйжада 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Кулов өлкөнүн премьер-министри болуп калганын билебиз. Бекназаров башкы прокурорлук кызматты азыраак болсо да аркалай калган.


Бакиевдин убагында куугунтукка кабылышкан Атамбаев, Текебаев, Исаков, Бекназаров жана башкалар 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин бийлик башына келишкен. Атамбаевдин убагында камакка алынып, С. Жээнбековдун убагында да абакта отурган Садыр Жапаров бүгүн өлкө президенти.


Ушундан улам ким бийликтин куугунтугуна көбүрөөк кабылса, ал кийинки бийликтин ээси болуп калышы мүмкүн деген «теория» пайда болду. Ал эми ар кайсыл бийликтин убагында сын айтуудан алыс болуп, «улуу урматтуу» деп кайрылып жүргөндөр, бардык бийликтин убагында эле ошол калыбында кызмат өтөй беришээрин билдик.


Муну биз эмнеге айтып жатабыз? Жакында эле «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Ага адегенде 2020-жылдын октябрь окуяларында Жазык кодексинин «Имараттарды жана курулуштарды басып алуу» беренеси менен айып коюлган. Кийин ал «Массалык башаламандыктар» беренесине алмашылды. Башкача айтканда, Ж. Молдакматов октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деп айыпталууга өттү.


Эгерде ушул берене менен иш козголушу керек болсо, анда 5-6-7-8-9-октябрларда бийликтин күч менен алмашуусуна кимдер катышкан болсо, алардын баарына иш козголушу керек болот. Ал убакта Ала-Тоо аянтында, «Форумдун» алдында кимдер кандай аракеттер менен жүргөнү, кимдердин өкмөт үйүн, Башкы прокуратураны, УКМКны, ИИМди, айтор көпчүлүк мамлекеттик бийлик бутактарынын имараттарын басып отуруп алышканын эл билет. Алардын көбү азыр түрдүү кызматтык креслолордо отурат.


Анда эмнеге Жеңиш Молдакматов камакка отуруп калды? Анын акыркы убактарда бийлик башындагылардын аракеттерин сынга алып жүргөнүн жакшы билебиз. Анын камакка алынышына ушул гана негизги себеп болуп турганы да түшүнүктүү болуп турат.


Демек, Ж. Молдакматовду камакка алуу менен бийлик мурдагылардын эле катасын кайталоого өтүп жаткан жокпу? Жаңы элдик баатыр «даярдоо» жолун тандап алышпадыбы? Сындагандардын баарын камап түгөтүү кыйын. Улам бири камалса, анын ордуна жаңысы пайда болот. Ошентип отуруп нааразычылыктын күчөшүн бийлик өзү камсыздап алат.


Ал эми мактап келгендер дагы деле мактай берет. Андайлар кийинки келгендерди деле мактай берерин унутпоо зарыл. Мактоочулар кыйшайып бараткан жагдайды түздөөгө шашылбайт. Себеби. Алар үчүн өздөрүнүн гана кызыкчылыгы маанилүү. Ошондон улам сын айткандарды душман көрбөй, алардын айткандарын да анализдеп, олуттууларын туура кабыл алып, компромисттик кадамдарды жасоо менен гана бийлик өзүн-өзү кубаттантта алат. Эгерде бүгүн Молдакматовду колдоп жаткандар да камакка алынса, анда аларды колдой тургандар да чыгат. Ошентип улам бирөө камалган сайын нааразы болгондордун саны арбыйт. Мурдагылардын катасын кайталабоого азыр да мүмкүнчүлүк бар. Болгону тегеректеп алып мактап жаткандардын чынжырынан кутулуу гана керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн