Сырымдын сынчысы жок, сынып турат,
Сыйымдын сыйкыры жок, тынып турат.
Сызылып обондоруң тамырымдан,
Сыйрылган жүрөгүмдөн чыгып турат!
Ээнсиреп эсим баарын танып турат,
Эгемдин бул дүйнөсүн чанып турат.
Көөдөнгө чокмороктоп чоктор толуп,
Көзүмдөн кызыл жалын тамып турат.
Кенч элең, кен байлыгы эселеген,
Керемет тереңдикке жетелеген.
Акылга сыйбай калган жерден таштап,
Андан да тереңдерге кете берген.
Туюмуң тунук эле булак жыттуу,
Туңгуюк зоокалардан кулап чыкчу.
Дүңгүрөп көөдөндөгү шаркыратмаң,
Дүйнөңдү аңтар-теңтер бурап чыкчу.
Сын элең сыры сыртка билинбеген,
Чың элең чымыр дүйнөң тилинбеген.
Сезимиң толкундардай тирүү толкуп,
Сен өзүң обон элең дирилдеген.
Таанымың тамыр эле терең кеткен,
Тагдырдын, таржымалын тереңдеткен.
Канча ирет укса дагы уюта албай,
Канчасы түшүнө албай, керең кеткен.
Жан дүйнөң жар салчу эле тазалык деп,
Жасалма, жалгандардан качалык деп.
Жарымын сен сезгендин бирин сезбей,
Жашоону жүргөндөр көп жашадык деп.
Күлгөндү көрүп чындап күлө алчусуң,
Күйүткө күлүмсүрөп жүрө алчусуң.
Сезимди булганычтан коргоп жашап,
Сен сүйсөң жүрөк менен сүйө алчусуң.
Сен ойдун асылдарын бага алчусуң,
Аярлап табиятын таба алчусуң.
Кайдагы майда-барат көр тирликтин,
Каалгасын кылчактабай жаба алчусуң.
Жаркырап жасалмасыз жарык элең,
Жакшы ой, жакшы сөзгө канык элең.
Буйдалып, булдуруктап жаңылбаган,
Булбулдун даана өзү, аныгы элең.
Буулугуп бул дүйнөгө батпай кеттиң,
Буркурап издегениң таппай кеттиң.
Буюккан булуттардай төгүп-төкпөй...
Буулган каптын оозун сөгүп-сөкпөй...
Бугуңдун бир чындыгын айтпай кеттиң.
Булактай Булбулум ай! - мөлтүрөгөн...
Баягы мүнөзүңдөй мелтиреген...
Бизге эми келбес болуп кайтпай кеттиң!
Бүк түшүп бул турмушка көнгөн жоксуң,
Пенделикке булганып көргөн жоксуң.
Тумардай бүт кыргыздын жүрөгүндө,
Түбөлүк тирүү бойдон өлгөн жоксуң!
Мирлан Самыйкожо
Пикирлер (1)