Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 04:26
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Сириядагы террористтерге жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөн финансист кармалды

29.10.2020 09:28
524
Сириядагы террористтерге жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөн финансист кармалды



2020-жылдын 26-октябрында, Кыргыз Республикасынын УКМК эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, 1995-жылы туулган "И.Н." аттуу Кыргызстандын жаранын кармалды.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган адам ЭТУ жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын Сирияда согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн чогултуп жүргөндүгү аныкталды.



Террористтик ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки материалдар кылмыштардын жана жолуктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.



Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн