Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сириядагы жаңжалдарга катышып келген кыргызстандык кармалды

22.06.2020 13:49
974
Сириядагы жаңжалдарга катышып келген кыргызстандык кармалды

 

Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышып келген эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү Ошто кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

 

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 2014-жылдан 2017-жылдар аралыгында Сирия аймагында болуп, Сирия өкмөтүнүн аскерлерине каршы эл аралык террордук уюмдун катарында куралдуу жаңжалдарга катышып келген.


395-берененин 2-бөлүмү (жалдануучулук) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 1989-жылы туулган Т.Н. аттуу Кыргыз жараны кармалган.


Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө тыюу салынган буюмдар табылган эмес. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн