Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 16:01
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Сириядан 95 Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды

30.08.2023 09:21
333
Сириядан 95 Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды


Бүгүн, 30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча "Айкөл" иш-чарасы өткөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, КР президентинин жана министрлер кабинетинин тапшырмаларына ылайык, Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди. Алардын 31и аялзаты, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

Кр жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруусу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

Кыргыз тарап АКШ өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле, БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары, Кыргызстандын министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык КР делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашап турган калкынын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткиришип, гуманитардык жардам көрсөттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн