Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чарттердик каттамдар менен келгендер үй карантинине чыгып жатат

15.05.2020 10:19
1050
Чарттердик каттамдар менен келгендер үй карантинине чыгып жатат

 

Чарттердик каттамдар менен сырт жактан  келген жарандар үй карантинине чыгат. Бул тууралуу 15-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында үй карантинине чыгарууда шарттары каралат.


“Жакынкы күндөрү чартердик каттамдар менен келген жарандар көбөйүп жатат. Биз аларды алгач обсерваторлорго алып барып, анализдери алынгандан кийин, COVID-19 дарты жок болсо, үйүндөгү шарттарын карап, үй обсервациясына чыгарабыз. Алдыңкы бир эки күндүн ичинде дагы миңдеген жарандарыбыздын келери күтүлүүдө, алардан да ПЧР анализ алынгандан кийин, инфекциянын белгилери жок болсо үйлөрүнө чыгарылат”, - деди Үсөнбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн