Баш оона 22, 2025
Убакыт: 01:57
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Сырткы жана ички авиакаттамдар азырынча калыбына келтирилбейт

19.05.2020 15:39
1371
Сырткы жана ички авиакаттамдар азырынча калыбына келтирилбейт


Кооптуу кырдаалга байланыштуу сырткы жана ички авиакаттамдар азырынча калыбына келтирилбейт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-майдагы брифингде билдирди.


“Сырткы жана облус аралык каттамдарды, ошондой эле аба каттамдарын жүргүзүү карала элек. Бул маселе 25-май күнү дагы бир жолу каралып, эпидемиологиялык абалга байланыштуу чечим чыгарылат”, - деди Боронов.


Белгилей кетсек, чет жактан атайын 17 авиарейс жана 6 автобус менен 3531 кыргыз жараны алып келинди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн