Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сырттан 321 млн доллар келип түштү. Алар кайда жумшалганын вице-премьер айтып берди

10.07.2020 12:42
1014
Сырттан 321 млн доллар  келип түштү. Алар кайда жумшалганын вице-премьер айтып берди


Кыргызстанга бүгүнкү күнгө карата макулдашылган 627 млн доллар каражаттын 51%ы же 321 млн доллары келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 10-июлдагы брифингде билдирди.  


Анын айтымында, алардын ичинен 166 млн доллар өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, 461 млн доллар жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө. Чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.


"171 млн доллар айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80%ы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды. Дүйнөлүк банктын 2,2 млн доллар медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө. 3 млн доллар дан сатып алууга жумшалган. 1,3 млн доллар ӨА режими учурунда гумжардам көрсөтүүгө сарпталган», - деп белгиледи ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ачык
Айлык кимдикин бериптир жалаң чоңдордун эле айлыктарын берип карапайым адамдардыкын бере элек го.