Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 08:22
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Сырттан келген каражаттар бюджеттин чыгашаларына жумшалууда

07.05.2020 11:38
1057
Сырттан келген каражаттар бюджеттин чыгашаларына жумшалууда


Сырттан келген каражаттар бюджеттин чыгашаларын жабууга жумшалууда. Бул тууралуу 7-майдагы брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев айтты.


Түшкөн каражаттар тууралуу учурда кенен маалымат даярдалууда.


“Сырттан келген жардамдын негизги багыты бюджеттердин чыгашаларына жумшалып жатат. Массалык маалымат каражаттарында айтылып жаткан сумманын баары келе элек, алардын айрымдарын гана алдык. Түшкөн акчалар тууралуу Каржы министрлигине тапшырма берилип, алар 1-2 күндүн ичинде кайда кеткени тууралуу ачык, толук маалымат берет”, - деди Асрандиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн