Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сырттан келген жардамга дары-дармектер сатылып алынабы? Вице-премьердин жообу

22.07.2020 16:23
1081
Сырттан келген жардамга дары-дармектер сатылып алынабы? Вице-премьердин жообу


Сырттан келген жардамдын эсебинен жана бюджеттин эсебинен дары-дармектер сатылып алынып жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 22-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, сырттан алынып жаткан каражаттардын бир топ бөлүгү коронавирус менен күрөшкө, анын ичинде дары-дармектерди сатып алууга жумшалууда. 


"Эл аралык донорлордон дагы гуманитардык жардам катары алып жатабыз. Дары-дармектерди сатып алууга өлкөдө каражат жетиштүү. Бирок ошол эле учурда, дүйнө жүзүндө дары-дармекке керектөөчүлөр абдан көбөйдү. Ошондой эле, чек аралар жабык болгону да бир катар көйгөйлөрдү жаратып жатат. Мындан улам, кезекке туруп алууга муктажбыз. Бул жаатта тийиштүү мамлекеттик органдар иштеп жатышат”, - деди Эркин Асрандиев. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн