Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 21:41
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Токтогулда системалуу түрдө акча алып турган билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалды

06.10.2025 16:58
72
Токтогулда системалуу түрдө акча алып турган билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалды


Системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча Токтогул шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Жарандардын көп жолку даттанууларынын жыйынтыгы боюнча УКМК тарабынан Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы «Нурпейилим» бала бакчасынын мурдагы башчысы Т.Э.С., Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мекеменин адиси А.К.Б. жана С.Д.К кармалды. Алар балдарды мектепке чейинки мекемелерге кабыл алууда, кызматкерлерди ишке орноштурууда жана жетекчи кызматтарга дайындоо үчүн системалуу негизде опузалап акча талап кылышкан. 


Улуттук коопсуздук органдары тарабынан билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, айрым кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын этибарга албай, мыйзамсыз иштер менен алектенүүнү улантышууда. 


УКМК билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн