Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Системалуу түрдө акча талап кылган милиция кызматкерлеринин жетекчилери жазага тартылды

25.03.2023 09:14
419
Системалуу түрдө акча талап кылган милиция кызматкерлеринин жетекчилери жазага тартылды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ИИМдин коллегиянын чечими менен кол алдындагы өздүк курамга көзөмөлүнүн жана кызматтык тартиптин начардыгы үчүн төмөнкү жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду:


- Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Мирлан Ниязалиев;


- Биринчи май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары Улан Орозалиев;


- Биринчи май РИИБдин начальнигинин кадр иштери боюнча орун басары Эрмек Момуналиев;


- Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бектемишов;


- Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын биринчи жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышты.


Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык Биринчи май РИИБнин кызматкерлерин кармаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн