Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сый акыны мыйзамсыз алууга шектелип соттук-медициналык экспертизанын кызматкери кармалды

22.02.2021 15:07
765
Сый акыны мыйзамсыз алууга шектелип соттук-медициналык экспертизанын кызматкери кармалды



2021-жылдын 18-февраль күнү ички иштер органдарына Ош облусунун Араван районунун жашоочусу (аял киши) райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысынын укукка каршы аракеттери боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Арызында райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы жашы жете электи зордуктоо фактысы боюнча корутундуну берүү үчүн акча каражатын талап кылып жаткандыгы маалымдалган. Баштапкы 1100 акча каражатын алган соң, ал дагы 3000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп,   анын жүрүшүндө акчаны накталай алып жаткан фактыны видеого тартып алышкан.


Жабырлануучунун туугандары менен жолугушууга Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы К.С. өзүнүн таанышын жөнөткөнүн белгилеп кетүү керек. Сый акыны мыйзамсыз алган соң ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери экөөнү тең кармашкан. Жогоруда аты аталган соттук-медициналык эксперт мурда дагы ушундай укукка каршы аракети үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгын кошумча билдиребиз.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн