Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Наам адамга эмес, адам наамга көрк берет!

11.01.2023 18:26
5635
Наам адамга эмес, адам наамга көрк берет!


Залкар калемгер Мамат Сабыров соцтүйүнгө Абдиламит Матисаков тууралуу дал ушинтип жазды. Жыл соңунда Президент Садыр Жапаров эмгеги менен айырмаланган бир катар мыктыларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында биздин кесиптешибиз, үлкөн калемгер Абдиламит Матисаковго “Эл жазуучусу” наамы ыйгарылды. Сыйлык көркүнө чыкты... Чын! Мындай шартта ысык жүрөк, адамдык ак адилден чыккан эки ооз кепти устатыңа кантип ыроолобой коесуң?! 


Мындан он чакты жыл мурун болсо керек. Абдиламит Матисаковдун туулган күнү, мааракелик датасын утурлай “Апта” гезитине куш тилиндей куттуктоо арнадым. Каарманыма бар жакшылыктын баарын каалагандан тышкары чыгармачылык түйшүктүү сапарына ири ийгиликтерди, калемгерлик чыйыры эртели-кеч кеч эң ириде эл, андан соң мамлекет тарабынан бааланса, татыктуу сый-ургалды багынтса деген изги тилекти чүргөп койгом. Чын жүрөктөн! Кече Президенттин Жарлыгында жайнаган сыйлык ээлеринин арасынан Абдиламит Матисаков көзгө дароо көрүнсө, негедир тээ 10 жыл мурун гезитке каалоо-тилек чүргөгөнүмдүн удулу эми келгенине, Жараткан тилегимди кабыл эттиргенине бир эсе ыраазы болсом, бир эсе өзүмчө “компоюп” да койдум.


Бул көөнө наамдын көркү бүгүн чындап ачылды. Сиздин сыйлык баалуу! Албетте, куттуктайбыз! Мындан аркы жашооңузда да Жараткан сизге эгиздеп-сегиздеп бар жакшылыгын аянбасын! Эң ириде чыгармачылыгыңызды элиңиз абалкысындай баалай берсин. Башкысы, элдин наамынан өткөн олжо жоктур. 


Бар болуңуз улуу устат! Сиздин бир кездеги студентиңиз.


Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн