Бугу 12, 2024
Убакыт: 23:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сыймыгыбызсыңар. Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызын куттуктады

08.10.2021 11:54
952
Сыймыгыбызсыңар. Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызын куттуктады

Президент Садыр Жапаров Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык балбан кыздар Айпери Медет кызын коло медаль, Мээрим Жуманазарованы алтын медаль жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президент социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң!   

Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. 

Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык!",- деп жазылат куттуктоодо.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн