Бугу 03, 2024
Убакыт: 08:10
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сыймык Тентиев менен Нурбек Айдаров универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпиону болду

17.08.2023 15:52
1198
Сыймык Тентиев менен Нурбек Айдаров универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпиону болду


Кыргызстандык спортчулар универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпионатында эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Универсалдуу күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат 11-17 август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү.

Сыйлыкка татыган спортчулардын тизмеси:

  • 1-орун - Сыймык Тентиев (65 кг) ;
  • 1-орун - Нурбек Айдаров (80 кг) ;
  • 2-орун - Кубанычбек Рысбаев (+90);
  • 3-орун - Аскер Үсөнбаев (70 кг);
  • 3-орун - Мирбек Айдаров (75 кг) ;
  • 3-орун - Азат Иманкулов (100 кг).

Белгилей кетсек, универсалдуу күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өттү.

Федерациядан белгилешкендей, улуттук курама октябрь айында Грузияда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн