Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сыймык Жапыкеев 140 ишкерге кылмыш ишин козгогону үчүн генерал-майор чинин алдыбы?

18.03.2021 11:47
1696
Сыймык Жапыкеев 140 ишкерге кылмыш ишин козгогону үчүн генерал-майор чинин алдыбы?

Өтө кызык көрүнүш болуп жатат. Премьер-министр Улукбек Марипов 17-мартта өкмөттүн жыйынын өткөрүп, анда укук коргоо органдарынын бизнесмендерге жасаган мамилесин катуу сындады. Анын айтымында 5-мартта өкмөттүн токтому менен жоюлган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат январь-февраль айларында эле жалпысынан 140 жеке ишкерлерге кылмыш ишин козгоп жибериптир. Ошондой эле ал 29-январда президент Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» кол койгон жарлыгын да эскертти.



Демек, мамлекет башчысынын ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө жарлыгына карабастан Сыймык Жапыкеев башында турган Финансы полициясы жеке ишкерлерге басым жасап келген болуп жатабы? Өкмөт башчынын айтымында, финполиция январь айында 100 жеке ишкерге иш козгогон, ал эми февралда дагы 40- бизнесменге кылмыш ишин ачкан. Ошондо январь айында президенттин жарлыгы чыга элек болчу дейли, ал эми февраль айындагы козголгон кылмыш иштери тууралуу эмне дейбиз?


Айтор, өкмөт башчы тарабынан айтылган сынга караганда Сыймык Жапыкеев башында турган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат өз ишин натыйжалуу аткара алган эмес болуп жатат. Анда эмнеге ага президенттин буйругу менен «Финансы полициясынын генерал-майору» жогорку даражадагы чини ыйгарылды? Өкмөт тарабынан айтылган сын менен президент тарабынан берилген чиндин ортосунда карама-каршылык болуп жаткан жокпу? Өз ишин жөндөп аткара албаган жетекчиге жогорку даражалуу чин берилбей, тескерисинче сөгүш жарыяланышы керек эмес беле?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн