Бугу 07, 2024
Убакыт: 18:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сыймык Жапыкеев 4 айда канча миллион байлык топтоду?

03.02.2021 12:35
2043
Сыймык Жапыкеев 4 айда канча миллион байлык топтоду?

Октябрдагы окуядан кийин бийлик алмашып бир топ адам жаңы кызматка келишкен. Алардын арасында Сыймык Жапыкеев Финполду башкарып калса, вице-премьер министр болуп  Эльвира Сурабалдиева келди.


4 айдан кийин реформага байланыштуу кызмат ордуларын бошотуп беришти. Эльвира Сурабалдиева  иштеп турганда бир топ ачуу сындар айтылды. Аларды көтөрдү, аял болсо да.  Эми кызматтан кетип жатып ага жардам бергендерге ыраазычылык билдириптир. Албетте, бул айым кичинесинен бери бардар үй-бүлөдө чоңоюп, карды ток. Кеткениме өкүнбөйм,   жогорку кызмат жогорку жоопкерчиликти талап кылат деп коштошту.


Ал эми Сыймык Жапыкеев болсо Финполдун ардагерлер кенешинин мүчөлөрүн ортого салып, Садыр Жапаров туура эмес реформа жүргүзүп жатат деп ММКларга кайрылды. "Че та  не то болуп баштады, Финпол жеңилип калабы,  Финполду эл колдойт, элге жардам берет деп  баягы адатынча элге кайрылуу жасап чыкты.  Депутаттар менен чоң чиновниктерге финпол жолтоо болуп жатат деп актанып кирди. Ошол эле учурда коомдо кандай реформалар журүп жатканын билгигси да келген жок. Мелис Аспековду кармаганда ал ишке Сыймык Жапыкеевдин да байланышы бар деп балп эткен. Бирок, Жапыкеев аны четке какты. Коомчулуктун арасында, тар чөйрөдө Сыймыктын Финполду башкарып 4 ай отурган кезинде бир топ каражат таап, байып алган айтылууда. Балким, Сыймыктын төрт ай иштеген ишин иликтесе бир нече чочконун   башы чыкпаса болду. Чындыгында Сыймык бул кызматка деле кыйкырып, Башкы прокуратураны басып алып, кайра бул жакка келип жатып ээлеп калган. Эми да кыйкырып жатып кетейин деп жатабы, айтор тынчтана албай жаткан кези.  Ал  эми Президент Садыр Жапаров бир революционердин кызыкчылыгы үчүн 6 миллион элдин кызыкчылыгын унутуп, садага чаппасын айтканы бар. Сыймыкты кызматтан кетирбейбиз деп  анын кызыкчылыгы үчүн реформаны токтотуу туура эмес!


Азиз Капаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жумабекова Элизат
Кимге ишенерибизди билбей калдык.Элдин башын айлантып буттунор.Акылбек Жапарова айткандай "кытай башкарып баштаганда"кытай башкарганда акылыбызга келебиз го.Бу журушубуз менен онолмойун