Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сыймык Жапыкеев, 5 секундда 10 олигархты камабай эшек такалап жүрдүңбү?

02.02.2021 17:50
1266
Сыймык Жапыкеев, 5 секундда 10 олигархты камабай эшек такалап жүрдүңбү?


Сыймык Жапыкеев, курулай кыйкырып К.Жумалиевде состоянеси 2,5 миллиард $ доллары бар, мыйзамсыз байлык топтогон деп, ааламга айкырык жазап, кухняңда сайрап келбедиң беле?


Эки тизгин, 1 чылбыр колуңа тийип, Финполго жетекчи болгонуңа 3 жарым ай болду. Ошондон бери бир К.Жумалиевдин мыйзамсыз байыганын аныктай албай, бүгүн, эртең камайм деп жүрүп  100 күн өткөрдүң. Эмне эшек такалап жаттыңбы?


5 секундда 10 олгархты камап, Кытай карызынан куткармак эмес белең? Эми эмне болду? Айткан сөзүң менен жасаган ишиң дал келбей олтурасың? Айлаң кетип 2,5 миллиард  долларды таба албай коюп, анан балдарына алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгодуңбу?


Менин билишимче “алдамчылыкты” Финполиция текшербеши керек эле. Ал ишиңдин  деле дайыны жок иш окшойт да? Шадкий иш болсо керек, ошол үчүн соттор бошотуп жиберишти го? Болбосо, баары далилдүү болсо, соттор  бошото алышмак эмес.


Биринчи күнөөнү далилдеп, мойнуна коюп, аныктап - тактагандан кийин, сот күнөөлүү, -деп тапкыча эле кыйкыра берсең, эртең өзүң жооп берип калышың да ыктымал.


Деги сен мыйзамды билесиңби? Күнөөсүздүк презумпциясы дегенди билчү белең. КРсынын ЖПКинин 17-беренесинде так көрсөтүлгөн. Соттун өкүмү күчүнө кирмейинче көрүнгөндү күнөөлүү,-  деп айкыра берүү  мыйзамга жат көрүнүш экенин билесиңби? Же мыйзам менен иши жок карапайым калктын башын айлантып, жеке кызыкчылыгыңа пайдаланып өкүрүп жүрө бересиңби? Башкы прокуратурада кантип  иштеп жүргөнсүң? Күмөнүм бар. Мыйзамды так сактап, иш жүргүзбөйсүңбү?


Уят Сыймык, мыйзамдын алкагында иш жүргүзчү? Мыйзамдуу иш жүргүзсөң эч убакта кор болбойсуң. Карапайым калкты, өзүңдүн ыпылас максаттарыңа, ыпылас оюндарыңа тартпа, уят болот. Колуңдан келеби күнөөсүн далилде, аныкта, такта. Болбосо,  бечера боло калып мыйзамды түшүнбөгөн элдин башын айлантып дүрбөтө бербе!

 

Исмаил Токобаев

P.S. Автордун макаласы өзгөртүүсүз берилди


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн