Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБ боюнча текшерүү жүргүзөт

04.01.2021 12:28
609
Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБ боюнча текшерүү жүргүзөт

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек Жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин көмүрү туура келбегенин айтып, ЖЭБдин курулушун кылгандар жоопко тартылаарын билдирди. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.


"Достор, азыр Флагштогко барып келдим, ал жерде чакчайып күн тийип турат. Шаарда газовая атака болуп турат. Кара- Кече көмүрү туура келбейт. Бышалек көмүр. Бул ТЭЦти ким өткөрүп, кимдер курса буюрса жооп беришет. Шайлоону өткөрүп алалык. Мени акча алып же негатив жазгандар, ушак таратып жүргөндөр аман болушсун. Кайра газга түшүп келип кофе ичип кеттик. Ушул кофейня да туура беш жыл чай ичтим. Экинчи офис ушул эле, дем алыш күнү кофе ичип отурдук.

Достор буюрса Финансовая Полиция Кыргызской Республики толук кандуу ишин баштайт. АКС жакшы иштеп атышат. Ал Бишкекти каптаган түтүнгө салым кошуп жаткан ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты начар деп эсептейт. Достор силердин эле жана Жараткандын колдоосу керек",-деп билдирүү калтырган Жапыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн