Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сыймык Жапыкеев: Достор, барсыңарбы? Баары башкача кетип жатат

02.02.2021 13:38
26066
Сыймык Жапыкеев: Достор, барсыңарбы? Баары башкача кетип жатат


Достор, барсыңарбы? Баары башкача кетип жатат. Мындай пикирин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлкеттик кызматтын төрагасы Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


"Достор, барсыңарбы?

Эмнегедир баары  башкача кетип баратат, Финполду эл колдойт.

Жумалиев 100 млн сом жана инвестордун 800 миң долларын бир күндө коём, балдарымды чыгарып бер дегенинен бир аз андан көбүрөөк болсун деп болбой койсок Биринчи Май райондук соту чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын төлөгөн жок. Балдары камактан чыгып кетти. 

Достор, Финпол жеңилип калабызбы?

Достор кандай кылалык? Оюңарды жазгылачы", - деген билдирүү калтырган.

Пикирлер (60)

Коопсуздук коду
Медетбеков кубаныч
Андай соторду жумуштан алыш керек срочно
Жумаева Чолпон
Сиз кучтусуз женилбешиниз кайра кучуно киргизиниз
Турар
Соттун устунон кароочу бир орган деги барбы? Сотторду озулорун тазалаш керек биринчи орунда
Хашим Зайналиев
Сыймык!!! 1-май районун соту, коррупционерлерди өзүнөн -өзү эле чечим чыгарып, үй камагына бошотуп койбойт. Процедура мындайча: Жумалиевдин балдарыны адвокаты аркылуу прокурор сураган акчаны берди, ошол эле параны сотко берди, ошентип сот прокурор менен макулдашып, андан кийин чечим кабыл алган.
Куба Бактыбаев
Сыймык мырза Жумалиев акталып чыгып кетсе, эми эч ким мамлекетке айып толобойт. Мындан кийин Бир да коррупционер кузбайт. Финполдун колундан эч нерсе келбейт деп Жумалиев жыргап эле кеткен турбайбы?? 3 айга чейин финполду деле жойбой турса болмок экен.
Мирбек
Элдин ырыскын жегендер камалсын соттор жанылансын