Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сыймык Жапыкеев: Кыргызстанда бир эле генерал мен сыяктуу, наамды өткөрүп берсем тынч коёсуңарбы?

08.01.2022 12:21
4518
Сыймык Жапыкеев: Кыргызстанда бир эле генерал мен сыяктуу, наамды өткөрүп берсем тынч коёсуңарбы?

Кыргызстанда бир эле мен генералдай ой калат. Мындай пикирин Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, ал генералдык наамды өткөрүп берүүгө даяр.


"Урматтуу достор, биздин өлкөдө мен эле генералдай ой калат экен. Сүйлөшкөнү эле, жамандаганы деле мен болуп калдым. Ой, кааласаңар генералды тапшырып берейинчи. Өзү чынында Кыргызстанда 170тен ашык генерал бар, арасында лейтенант болбой генерал-лейтенанттар бар, майор болбой генерал-майор болгондору бар. Эл үчүн кыймылдаганы да бар. Канча коррупцияга аралашкандары, соттолуп чыккандары толтура.

Мен стажёр, анан кичи-лейтенанттан полковнике чейин баскычтарды өткөргөм. Мени жамандап бүтпөй коюшту. Фейсбукта 15 минден ашуун тескер фейктер орун алды. 

 

Урматтуу достор, силерге койдум кааласаңар генерал наамын өткөрүп берейин. Бир эле өтүнүч, ошону менен мени тынч койгулачы сураныч. Саясатына, дегеле баарына ыраазы болдум",- деп айтылат Жапыкеевдин билдирүүсүндө.

Пикирлер (11)

Коопсуздук коду
Нурмухамедов
Жоону Чубак чапса дагы, аты калды Манастын дегендей, азыркы бийликтин келишине эмгегиниз зор эле. Генерал наамы аздык кылат, негизи нормальный орунда отурушунуз керек эле. Майли, Кудайым коруп турат, баары жакшы болот буюрса.
Алмаз
Сыймык сени жакшы билем сени мен Башкы прокуротурада чогу иштегем. Кечирип кой сен дей берейин тенбиз экообуз сен баардык баскычты басып откон ото тажырыйбалуу мыйзам козомолдоочу эле,ишти аягына чейин чыгарган.Сыймык сага генараль эмес Кыргыз эли, Баатыр наамын берген.сен учун Калдайган Кыргыз эл артында аны сен оз козун менен кордунго
Секалиева Гульмира
Сыймык өткөзүп эле берүү эмес сага!!! Жооп беришин керек эки жуздуу аферистигине!! Көрбөйт деп ууру кылба дейт ичиндеги ириңин сыртында көрүнүп турат!! Сахарын жок Болсо эми пайда болот шашпай тур!! Эч ким билбейт деп кудуңдап жүрөсүңбү сага да кезек келет!! Маматканов,ж,б шакалда
Каныбек Каныбек
Сыймык кеч болсо да генералдык наамга татыксыз экенин Жана наамды мыйзамсыз алганын тушунгон тура!
Мир
Ооба тапшыр наамды,татыктуу емессин.